Мамлекеттик салык кызматы лицензиясы жок сатылып жаткан 1162 даана алкоголдук ичимдикти табышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 18-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери атайын текшерүү иштерин жүргүзүшүп, лицензиясы жок сатылып жаткан 1162 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти табышкан.
Тактап айтканда, Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен 582 бөтөлкө жана Талас облусундагы дүкөндөрдүн биринен 580 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти таап чыгышкан.
Учурда бардык материалдар чогултулуп, тиешелүү чаралар көрүлүш үчүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.