Кыргыз-тажик чек арасынан тажик жарандары 28 баш малды ветеринардык документтери жок Кыргызстанга өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, «Кайрагач» жана «Бор-Дөбө» өтмөктөрүнөн тажик жарандары 28 баш малды ветеринардык документтери жок эле өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын чек ара ветеринардык кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына киргизилген эмес. Мындан сырткары 16 килограмм кой эти, 37 килограмм тоок эттери, 1000 даанадан ашуун жумуртка, 5 бал челек, 50дөн ашуун уйдун териси жана 2 тонна мал тоюттары тиешелүү ветеринардык жана фитосанитардык документтеринин жоктугуна байланыштуу чек ара көзөмөл бекеттеринен өткөрүлбөй артка кайтарылганы маалым болду.