“Нан унун байытуу” боюнча мыйзам долбооруна добуш берүү кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Нан унун байытуу” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүү учурунда демилгечинин сунушу менен артка жылдырылды.

Демилгечи депутат Дамира Ниязалиева залда депутаттар аз экенин айтып, демилге эл өкүлдөрүнө толук түшүнүктүү болушу үчүн бул мыйзам долбоорду эртеңки жыйынга алып чыгуу сунушун киргизди. Мыйзам долбоорунун максаты - калкты байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү. Мындай талаптар сакталбаган учурларда административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары киргизилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан