Бүгүн Ош облустук сотунда “Кара-Суу районунда аймактык инспекторду өлтүргөн” деп айыпталып жаткан Уларбек Амановдун жактоочусу сабалды. Бул тууралуу айыпталуучунун апасы Роза Асанова бүгүн, 18-июнда билдирди.
Анын айтымында, жактоочу Күмүшбек Ыбыкеев сот залынан маркумдун жакындары тарабынан сабалган.
“Жактоочу ооруканага кайрылганда, артынан барышып, “өлтүрөбүз” деп коркутушуптур. Анан ооруканадан эптеп качып чыгып, учурда Бишкекке келе жатат”,- деди Роза Асанова.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен аталган райондун аймактык инспектору Руслан Макамбаев каза тапкан. Буга шектүү катары Уларбек Аманов кармалган.
Кара-Суу райондук соту Уларбек Амановду күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан. Бирок буга айыпталуучунун жактоочусу макул болбой, облустук сотко кайрылган эле.