Казакстандык ойлоп табуучулар жомок айтуучу электрондук боз үйдү иштеп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы табылга балдарга адабиятты таанытат, жомок айтып, ырларды ырдап берет. Анда балдарга тарбия берүүчү чыгармалар гана орун алган. Ойлоп табуучулар алгач казак элин мындай боз үй менен камсыздап, андан соң дүйнөлүк рынокко чыгарууну көздөшүүдө.