Бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында “КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды. Демилгечи - депутат Кожобек Рыспаев.
Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагында кендерди пайдаланууга жер тилкелерин бербей койгондугу, лицензия берүүнүн, узартуунун мөөнөттөрүн бузгандыгы, геологиялык отчётторду, жумуштардын пландарын кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы, экспертиза берүү үчүн долбоорлорду берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган беренелер киргизилген.