Пара алып жаткан жеринен Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун башкы адиси кармалды

Пара алып жаткан жеринен Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун башкы адиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына шаар тургуну кайрылган. Анда ал аталган фонддун башкы адиси насыяны төлөй албай калгандыгына байланыштуу сотко берем деп коркутуп, 200 доллар акча талап кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында аталган кызматкер 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун башкы адиси кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан