Каныбек Осмоналиев: “Биз 20 жылдан бери заманбап билим берүүгө жете албай жатабыз”

ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн, 16-январда маалымат жыйында “биз 20 жылдан бери заманбап билим берүүгө жете албай келебиз” деп билдирди. 8-12-январдагы парламенттин эс алуу күндөрүндө ЖКнын Илим, билим берүү, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында шайлоочулар менен жолугушууда мектептердин директорлору, район жетекчилери жана окуучулар менен жолугушуп келгенин маалымадады. Жалпы республикалык тестирлөөдө мыкты окуучулар начар көрсөткүч менен, ал эми начар окуган окуучулар жогорку упай алган учурлар кездешип жатканын кошумчалады депутат. "Карапайым калк “жөнөкөй элдин балдарына жалпы республикалык тестирлөө жакшы билим алууга көмөк болууда” деп ыраазычылыгын билдиришти",- деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан