Бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова: “2013-жылы эсептик мыйзам бузуулар Билим берүү жана илим министрлигинде көп катталган”,- деп билдирди. Айтымында, өзгөчө мыйзам бузуулар министрликтин маяна берүү тартибинде катталган. “2013-жылдагы текшерүүлөргө караганда, эң эле көп каржылык мыйзам бузуу Билим берүү министрлигинде, андан кийин Транспорт жана коммуникация министрлигинде жана Бажы кызматында болгон. Билим берүү жана илим министрлигинде 115,8 миллион сом, Транспорт жана коммуникация министрлигинде 114,5 миллион сом, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде 102,0 миллион сомдук мыйзам бузуу фактысы катталган”,- деди ал.
Ибраимова 2013-жылы текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы каржы тартибин бузуунун көлөмү 1 миллиард 585 миллион сомду түзгөнүн кошумчалады.