Парламент бүгүн, 18-июнда Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчётун карады. Жыйында төрага Асылбек Жээнбеков Ибраимованы министрликтердин каржылык мыйзам бузууларын жөн гана текшерип өтпөстөн, эффективдүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.
"Эсептөө палатасы канчалык жакшы иштеп жатат дегенибиз менен, ошол эле учурда катачылыктар да көп",- деди төрага.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен КРнын Эсептөө палатасынын төрайымынын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчёту 80 добуш менен “канааттандырарлык” деп табылды.