18-июнда парламент жыйынында Кыргызстан менен "Айыл чарбасын өнүктүрүү" Эл аралык фондунун ортосундагы гранттык жана насыялык макулдашууну ратификациялоо долбоорунун экинчи фазасы каралып, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Келишимге ылайык, "Айыл чарбасын өнүктүрүү" фонду Кыргызстандын жайыттары менен ветеринардык абалды жакшыртуу багытында 22 миллион доллар каражат бөлөт. Анын 11 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 11 миллиону гранттык каражат болуп саналган. Насыя 0,75 пайыз үстөгү менен берилип, ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жайыттарын жана ветеринардык абалын жакшыртуу максатында жумшалмакчы. Жыйында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү 2013-жылы жергиликтүү бюджетке жайыт салыгынан 111 миллион сом түшкөнүн айтты. Ал эми мурда кабыл алынган экинчи макулдашуунун биринчи фазасында алынган каражат Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жайыттар менен ветеринардык абалды жакшыртууга жумшалып жатканын билдирди.