Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Чили Испанияны утуп алды. Кош, Испания!

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун кезектеги сюрпризи катталды. Испания курама командасы 2-тур оюндарынын алкагында Чилиге утулуп, тайпадан чыга албай, мөөнөтүнөн мурда мелдешти жыйыштырууга мажбур болду. 90 мүнөт бою майдан үстүндө изденүү жана жеңишке болгон умтулуу жагынан Чили даана айырмаланып турду.

Албетте, бул тоголок топ менен ойнолуучу футбол оюну жана анда топту мыкты тоголоткон команда дайыма эле жеңишке жетише бербейт. Команданын жеңишке болгон каалоосунун күчтүүлүгү жана аракети дайыма эске алынып, майдан үстүндө бул эреже өзүнүн тиешелүү таасирин берет. Учурдагы Дүйнө чемпиону Испания майдандагы оюнга чейин эле мелдешке салкын мамиле кылып, натыйжада мелдештен четтеп отурат. Эмне дейбиз, албетте, испаниялык футболчулардын Испанияны көздөй болгон сапары байсалдуу болсун!

Голдор: Варгас (20-мүнөт), Арангис (43-мүнөт). 

ДЧ-2014. Испания - Чили
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2014-06-19 07:40:34
Составын алмаштырыш керек болчу,Испания!Эски оюнчулар.
0
ayakosya
2014-06-19 07:48:10
Билгем Чилинин женишин быйыл болуп корбогондой катуу даярдыкта келишиптир го.
0
ere
2014-06-19 08:50:03
азамат чепмиондор
0
sambo
2014-06-19 11:45:59
Рас эле болду Испанияга кайра-кайра эле булар Чемпион боло бермек беле. Голландия АЛГА!!!
+1
Armin_van_buuren
2014-06-19 15:28:52
Чемпионатты Германия же Голландия алып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан