Тажикстан 7-майдагы кыргыз-тажик жаңжалында келтирилген чыгымды төлөп берүүгө убада берди

Баткен районунун Жака-Өрүк айылында 18-июнда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Тажик Республикасынын Согдий ОИИБинин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ОИИБдин жетекчиси Анарбай Алимбеков, анын орун басарлары, тажик тараптан Согдий ОИИБинин башчысы Шариф Назаров катышты.
Анарбай Алимбеков 7-майда Баткен районунун Орто-Боз айылынын Көк-Терек айылында орун алган окуялар боюнча кылмышка шектүү адамдарды кармап, аларга мыйзамдуу чараларды көрүү менен кыргыз жарандарына карата келтирилген материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү талаптарын койду. Эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Согдий ОИИБинин башчысы Шариф Назаров 7-майдагы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү боюнча жазуу түрүндө кошумча маалымат берерин убада кылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kamyr26
2014-06-19 09:45:16
Ушул убака чейин толой элек болсо дагы кооп жыл кутууго туура келет
0
a.akylbekov
2014-06-19 10:37:36
жомок да бул ..........
0
Manasasman
2014-06-19 11:38:28
Кыргызстандын коп мункунчулуктору бар тажиктерге чек араны жаап салса озбектерге сууну бууп салса болот. Жок тескеринче дамбаларды алардын солдаттары кайтарат. Жайлоолордо мал жандары талкалашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан