Соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлгөнү жатат

Парламентте бүгүн, 19-июнда "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралат. Демилгечи - депутат Тынчтык Шайназаров. Мыйзам долбооруна ылайык, соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлмөкчү. Шайназаров буга чейин Кыргызстанда катышуучулардын соттук отурумдарга толук келбегенинен улам 10 миңдей иш каралбай сейфте жатканын айткан эле. "Тергөөчүлөр сотко катышуучулардын кайсы жерде жашаарын жакшы билишет, отурумга катышуучуларды алып келүүнү тергөөчүлөргө берели",- деген эле демилгечи.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан