Жалал-Абадда мөндүр аралаш жаандан сел жүрүп, турак жайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев айыл аймагында 18-июнь күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Сел суулары Тельман жана Тайгараев айылдарында болжол менен 50 турак үйдүн жер төлөлөрүн, үлүш жерлерин каптаган. Учурда Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.