Санкт-Петербург – Ош учагында чыр чыгарган кыргызстандык тергөөдөн качып, эл аралык издөөгө алынды

Санкт-Петербург – Ош учагында чыр чыгарган кыргызстандык Чыңгыз Темиров Орусиянын Челябинск шаарында тергөөдөн качып, эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусиянын ИИМине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, ал Челябинскте эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каты менен турган. “Жаран чет өлкөгө качып кеткен болсо, бул маалымат бизден чыкмак. Ошондуктан бул аракетти жокко чыгардык. Ал эми жарандын качып кетишинен улам кылмыш иши токтотулду”,- деди ИИМдин кызматкери Елена Епимахова.

Эскерте кетсек, 18-январда жүргүнчү менен коштоп жүрүүчүнүн ортосундагы чыр-чатактан улам №887-Санкт-Петербург – Ош каттамы Челябинск шаарындагы аэропортко конууга мажбур болгон. Андан соң Орусия Федерациясынын ИИМинин Түштүк Урал башкармалыгы кыргызстандык жүргүнчү, 29 жаштагы Чыңгыз Темировго карата кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
islan_85
2014-06-19 12:29:20
жайлапсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан