Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 18-июнь күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Мазда Трибьют үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын натыйжасында 7 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген, абалдары жакшы.