2012-жылы Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында 700дөй көргөзмө, семинар, конференциялар уюштурулган. Бул тууралуу КРнын Маданият жана туризм министрлиги маалымдады. Январь айынын башында аталган министрликте 2012-жылдын жыйынтыгы талкууланган жыйын болуп өткөн. Анда шаардагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театры жана Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын иштеринин жогорку деңгээлде өткөндүгү белгиленгенин билдирет министрликтин басма сөз кызматы.