Бишкекте изи сууй электе тоноо фактысына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен 32 жаштагы айымды тоногон. Аны бир канча жолу бетке уруп, сумкасындагы акчасын, уюлдук телефонун алып, из жашырып кеткен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, изи сууй электе кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1971-жылы туулган Ат-Башы районунун тургуну экендиги аныкталган.