Өткөн сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Ата районунда 850 түк чөп күйгөн. Анын келип чыгышына 7 жашар баланын шоктугу себеп болгон.