Баткен. Лейлек районунда окуучулар арасында болуп өткөн олимпиадада 34 окуучу облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты

Баткен облусунун Лейлек районунда окуучулар арасында болуп өткөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Райондогу 66 орто мектептин окуучулары арасында өткөн олимпиадага 210дон ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 34 окуучу облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты. Ал эми мектептердин ичинен мыкты деп №3-гимназия табылды. Бул гимназиянын 11 окуучусу олимпиадада алдыкы орунга ээ болгондугу үчүн аларды окуткан мугалимдерге алкыштар айтылды. "Мындан ары жогорудага 34 окуучуну облустук олимпиадага даярдоо, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди”,- деп билдирди Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан