Бишкекте “мас абалында күч колдонуп айымды тоногон” деген шек менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 40-45 жаштардагы мас абалындагы белгисиз адам күч колдонуп Перизат аттуу жарандын кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган. Аталган окуя боюнча милиция кызматкерлерине маалым болгон соң, кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Таалай аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.