Билим берүүдөгү заманбап маалымат технологиялары институтунан (ИСИТО) жардыргыч заттар, ок-дарылар, ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 18-июнь күнү аталган институттун бир бөлмөсүнөн ок атуучу куралдар, жардыргыч заттар табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган жерге барышканда ал бөлмө Таштанды Усупбеков аттуу жаранга тиешелүү экендиги белгилүү болгон. Ал бул жерге криминалистикалык борбор ачууну пландаган, бирок оорусунан улам каза болуп калган. Учурда табылган заттар экспертизага жөнөтүлдү.