Баткен. Лейлек районунда билим берүү мекемелеринин директорлор кеңешинин жыйынында окуучулар арасындагы кылмыштуулук маселеси каралды

Бүгүн, 16-январда Лейлек районунда билим берүү мекемелеринин директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындагы көтөрүлгөн маселелер тууралуу райондук администрациянын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов төмөнкүлөрдү билдирет:

"Жыйындын күн тартибине окуучулар арасында кылмыштуулук, тартипсиздиктин алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иштер кирди. Ошондой эле жакында болуп өткөн окуучулар арасындагы олимпиаданын жыйынтыктар жана 2013-жылга Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планы кызуу талкууга алынды".

Бахавидиновдун айтымында, жыйынга Лейлек районунун акими Т.Арипов катышып, жыл ичинде директорлордун аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп, мындан ары өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу багытында чечкиндүү иштерди алып барууну, ошондой эле ар бир окуучуга тийиштүү шарттарды түзүп берүү менен сапаттуу билим берүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

 

        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан