Орусиянын "Союз" космостук кемеси менен Ай айланасына сапарга баруу 150 миллион долларга бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Айга сапарга баруу 16-17 күндүк убакытты камтыйт. Бүгүнкү күнгө чейин 18 гана адам Айды айланып келишкен. Алардын көпчүлүгү америкалык астронавттар болгон.
Учурда кымбат экенине карабай Айга сапарга баруу үчүн эки жолдомо сатылды. Азырынча алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарыша элек.