"Аламүдүн" базарынын жанынан 25 жаштагы кызды пневматикалык тапанча менен бутка атып кетти" деген маалымат такталууда

"Аламүдүн" базарынан 25 жаштагы кызды пневматикалык тапанча менен бутка атып кетти" деген маалымат такталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-июнь күнү нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда "Аламүдүн" базарынын жанынан 25 жаштагы кызды тапанча менен бутка атып кеткени айтылган. Окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматкерлери барышканда кыздын бутунда бир аз жарааты болгон. Бирок жарааты жеңил болгондуктан, кыз үйүнө кеткен. Учурда "пневматикалык тапанча менен атты" деген маалымат такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан