Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандагы аба мыйзамдарын жакшыртуу, Эл аралык жарандык авиация уюмунун эксперттеринин сунуштарын аткаруу жана эл аралык практика менен гармонизациялоо үчүн киргизилген. “Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен аба мыйзамдарынын айрым беренелериндеги так эместиктер четтетилет”,- дейт депутат Нарынбек Молдобаев. Киргизилип жаткан толуктоолор менен аэродромдун ээсине көрсөтүлгөн мөөнөттө бардык аэродромдорго техникалык тейлөөнүн программаларын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, Кыргызстан аэродромдорунда аба кемелеринин коопсуздугун, натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга багытталган чараларды кабыл алууну милдеттендирет.
Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө жөнөтүлдү.