Талас шаарында 29 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 13-июнь күнү саат 07:00 чамасында Талас шаарында 1985-жылы туулган А.Фнын жансыз денеси табылган. Анын төшүнө үч жолу учтуу нерсе менен сайылганы аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалды. Алар 1993-жылы туулган Эрмек, 1991-жылы туулган Рамис, 1990-жылы туулган Канат экени белгилүү болгон. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.