Талас районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Талас районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Көпүрө-Базар айылындагы жайлоолордун бирине тигилген чатырдын ичинен мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал табылган. Ал курал 1963-жылы чыгарылган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү мылтык экендиги аныкталган. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан