Бүгүн, 19-июнда парламенттин жыйынында 2014-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча макулдашуучу топ түзүү боюнча токтом долбоору каралды. Депутат Сайдулла Нышанов макулдашуу тобуна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев жана депутат Эркингүл Иманкожоева кирерин айтты.
Жыйынтыгында аталган Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Эске салсак, бул мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койбой, артка кайтарган эле.