Депутаттар бюджеттик тармакты тез арада реформалоо зарыл экенин айтышууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-июнда КРнын Бюджеттик кодексинин долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорду даярдаган жумушчу топтун башчысы, депутат Элмира Жумалиева Бюджет кодексинин долбоору Кыргызстан үчүн эң маанилүү документтердин бири экенин белгиледи. “Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен жалпы каржы тартиби жөнгө салынат, ал аркылуу бюджет тутуму уюштурулат. Бюджеттик субъекттердин, бюджеттер аралык мамилелердин укуктук негиздери аныкталат. Кодекс долбоорун иштеп чыгуу жүрүмүнө эл аралык эксперттер да тартылды”,- деди ал.

Эске салсак, КРнын Бюджет кодексинин долбоору 2012-жылдан тарта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жана өкмөт тарабынан өз-өзүнчө даярдалып, андан соң биргелешип түзүлгөн жумушчу топ тарабынан кайрадан иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан