Ош облусундагы Тар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, ички чарбалык жолго коркунуч жаратууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Айта кетсек, 2010-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан аталган дарыянын жээктери бекемделген. Бирок 15-июнь күнү дарыянын жээктерине төшөлгөн торчолордун 80 пайызын агызып кеткен. Анын кесепетинен мамлекет 97 миң сомдон ашык зыян тарткан.