Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеш "Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты. Демилгени депутат Исмаил Исаков көтөрүп чыккан эле. Аталган мыйзам долбоору бир туугандардын бири-бирине баш ийчү шартта жергиликтүү бийликте кызматтарды ээлешине тыюу салууга багытталган болчу. Мисалы, агасы айыл өкмөт башчысы, иниси айылдык кеңештин төрагасы боло алмак эмес.