"Эс алуу борборунан тоноочулукка барган" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Белгилүү болгондой, борбор калаадагы эс алуу борборунун биринен белгисиз адамдар Жыргал аттуу Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургунунун 10 миң сомун күч колдонуп тартып алышкан.
Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Азамат аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.