Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр
Жоомарт Оторбаев кол койду.
Ага ылайык Таалайбек Сабиров менен Шухрат Сабиров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулушту. Ал эми Данияр Шейшеканов менен Руслан Тагаев аталган мекеменин директорунун орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу 19-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.