Учурда эл Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугуна көз салып жатса, Улуу Британиянын Аскот шаарынын тургундары жыл сайын өтүүчү "Роял Аскот" ат чабыш майрамын белгилешүүдө. 17-июнда бул иш-чаранын ачылыш аземи болуп, ага Улуу Британиянын канайымы
Елизавета II жана анын уул-келиндери, неберелери катышты.
17-21-июнга чейин болуучу бул майрам спорттук гана эмес, светтик да болуп саналат. Анда жалаң эле ат чабыштарды эмес, шляпалардын түрүн көрүүгө болот. Анан да бул иш-чаранын өз эрежеси, шарты бар. Ага дресс-код менен гана кире алышат. Ат чабышта биринчи келген чабандес алтын кубокко жана акчалай сыйлыкка ээ болот.
Белгилей кетсек, Улуу Британияда бул майрам 1711-жылдан бери белгиленип келет. Аны өлкөнүн ошол кездеги канайымы Анна негиздеген.