"Бишкектеги маршруттук каттамдарда башаламан көрүнүш, биз кимдер үчүн аялдама курганыбыз түшүнүксүз" деди мэр Иса Өмүркулов

Бүгүн, 16-январда, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаарда жүргүнчүлөрдү тейлеген унаа компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Маалым болгондой жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн күнүнө 41 жеке компаниядан 2150дөн 2280ге чейин кичи автобустар жумушка чыгат. Жолугушууда Иса Өмүркулов кичи автобустардын иши элди канааттандырбай келет."Биздин дарекке түрдүү сөздөр айтылууда, техникалык жактан мүчүлүштүктөр бар. Айдоочуларды даярдоо төмөнкү деңгээлде, тазалык жана жол жүрүү түзүмү так сакталбайт. Жүргүзүлгөн рейддер эч кандай жардам бербей жатат. Жүргүнчүлөрдү салууда жана аларды түшүрүүдө баш аламандык уланууда. Биз кимдер үчүн аялдамаларды оңдоп аткандыгыбыз түшүнүксүз", - деди мэр. Ал ошондой эле суук катуу болгон күндөрү маршруттук унаалар эртең менен эрте жана кечки каттамдарга чыкпай коюп жатканын айтып, ал күндөрү шаар тургундары ишине жана үйүнө жете албай кыйналганын кошумчалады. "Силер бир гана акча тапканды билбей, көйгөйлөрдү да чечишиңер керек. Ишти өзүңөрдүн айдоочулар менен иш алып баруудан баштагыла. Антпесе, акыркы учурда коомдук унаалар катышкан жол кырсыктары көп каттала баштады" деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан