Жылнаама, 20-июнь: Мындан 1 жыл мурун Кадамжай районунун жашоочусу Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болгон

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болгон. Аталган райондун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерде өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал октон өз автоунаасында отурган Бакытбек Тагаев жаракат алган. Жарадар болгон Бакытбек ошол жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан Бак айылынын тургунунун үйүн көздөй качкан. Октун үнүнөн ойгонгон үй ээси короого чыкканда канжалап келген Бакытбек андан ооруканага алып барууну суранган. Бирок ошол убакта анын артынан кууп келген өзбек чек арачылары үй ээсин курал такап коркутуп, анын көз алдында Бакытбекти сабап, андан соң атып салышкан. Алган жараатынан улам Бакытбек Тагаев ошол жерден жан берген. Өзбек чек арачылары "кыргыз жараны биздин аймакка өткөн" деген жалааны жабуу үчүн Бакытбек Тагаевдин Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаасын өз өлкөсүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Маркумдун артында 5 баласы жетим, аялы жесир калган.

* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Фейсбук социалдык тармагы орус тилдүү вариантта чыгып, ошондон тарта орус тилдүү колдонуучулардын саны күн санап өскөн. Фейсбук – 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан ачылган социалдык тармактагы веб-сайт.
* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы советтик жана орусиялык зоолог, биология илимдеринин доктору, ММУнун профессору, коомдук ишмер Николай Дроздов Москвада төрөлгөн. Ал 1975-жылдан тартып белгилүү “Жаныбарлар дүйнөсүндө” аттуу телеберүүнү алып барган.
20-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан