Бишкекте коомдук унааларга GPS-навигатор жабдыктары орнотулат

2013-жылы Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга GPS-навигатор (унаалардын жол жүрүү багыттарын көрсөтүүчү, кай жакта жүргөндүгү тууралуу атайын бир түйүнгө маалымат берип туруучу) жабдыктары орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. “GPS-навигаторлорду коюу менен биз диспетчердик пункттарды кыскартып, маршруттук каттамдардын мыйзамга каршы акча чогултууларынын алдын алабыз. Ошондой эле жүргүнчүлөр жүрүүчү унааны толугу менен көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт”,- дейт Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан