Жалал-Абад. Кургак учукка каршы диспансердин кызматкери милиция кызматкерине пара берип жатып кармалды

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кургак учукка каршы диспансеринин кызматкери милиция кызматкерине пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун 5-бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери аталган мекемеде текшерүү жүргүзүп, кызматтык жасалмалуулук жана уурулук фактысын аныктады. Бул мекеменин кызматкери жазалануудан качуу жана бул фактыны жабуу максатында милиция кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара сунуш кылып, аталган акчаны берип жатканда кармалды.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан