Карганбек Самаков Катардын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары менен жолугушту

ЮНЕСКО иштери боюнча сапар менен Катарга барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Мухаммед Бин Ахмед Бин Туар менен жолугушту.

Самаков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жакшы өнүгө албай жатканын айтып, Кыргызстандын энергетика, тоо-кен тармактарында, экологиялык жактан таза айыл чарба жана мал чарба азыктарын кайра иштетүү жана экспорттоо жаатындагы потенциалы кеңири экендигин белгиледи. Кыргызстан туристтер үчүн чоң кызыкчылык туудурган өлкөлөрдүн бири экенин айтып, эл өкүлү Кыргызстандын кооз жерлери түшүрүлгөн фотосүрөттөрдү, Кыргызстан жөнүндөгү фотоальбомду, Кыргызстан туурасында видеофильм жазылган дискти тапшырды.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Кыргызстан менен Катардын ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлганын, ошол макулдашууларды ишке ашыруу аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан