Соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлмөй болду

Кыргызстанда мындан ары соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыздоо иши тергөөчүлөргө жүктөлөт. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алды. Демилгечи - депутат Тынчтык Шайназаров. Шайназаров буга чейин Кыргызстанда катышуучулардын соттук отурумдарга толук келбегенинен улам 10 миңдей иш каралбай сейфте жатканын айткан эле. "Тергөөчүлөр сотко катышуучулардын кайсы жерде жашаарын жакшы билишет, отурумга катышуучуларды алып келүүнү тергөөчүлөргө берели",- деген эле демилгечи.   
Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан