Украинанын Башкы прокуратурасы экс-премьер-министр Юлия Тимошенкого өкүм чыгарган судья Родион Киреевге издөө жарыялады. Муну 19-июнда чет өлкөлүк маалымат булактары өлкөнүн Жогорку Сотунун төрагасы Ярослав Романюкка шилтеме берүү менен жарыялашты. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Киреев өз учурунда Тимошенкого адилетсиз чечим чыгарган. "Тимошенкого байланыштуу ал атайлап адилетсиз чечим чыгарган. Муну менен Тимошенконун укугун одоно, атайлап бузган",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Юлия Тимошенко 2011-жылы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл февраль айында Украинада бийлик алмашкан учурда ал эркиндикке чыккан.