Алмазбек Атамбаев Оштогу башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ош облусундагы жана Ош шаарындагы башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Ош шаарын жана облусун өнүктүрүүдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти. Атамбаев Ош облусу жана Ош шаарына жардам катары Орусия берген акчаны максаттуу пайдалануу зарыл экенин айтты. Бул акчанын бир бөлүгү Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү курууга, таза суу көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан