15-январда КРнын Ички иштер министри Шамиль Атаханов Ысык-Көл облусунун укук коргоо кызматкерлери менен жолугушуп, 2012-жылдагы ыкчам-иликтөө иштери тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде жылдын жыйынтыгы тууралуу сөз болуп, министр “жаңы жылда элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу керек. Ал үчүн кадр саясатын өзгөртүп, милиция кызматкерлеринин кызматтык өсүшүн камыздандырышыбыз шарт" деди.
Бул иш-чарага өкмөт башчынын Аппарат жетекчисинин орун басары, КРнын Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби бөлүмүнүн аппарат жетекчиси, облус губернатору, Ысык-Көл облустук прокурору жана башкалар катышты.