“Каракчы” аталышындагы рейддин жүрүшүндө мурда катталган 50 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июнь күнү республиканын аймагында “Каракчы” аталышындагы рейд жүргөн. Анын натыйжасында кылмыш кылып издөөдө жүргөн 16 жаран кармалды. Алардын бири кылмыштуу топтордун мүчөсү болгон. Ошондой эле 4 зордуктоо, 12 тоноо, 8 мал уурулук, 4 унаа уурдоо, 4 ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо, 2 уурулук фактыларынын бети ачылды.