Чүй облусунда психикалык жактан жабыркаган жаран жоголуп, аны Чоң Чүй каналынан издөө иштери жүрүп жатат

Чүй облусунда психикалык жактан жабыркаган жаран жоголуп, аны Чоң Чүй каналынан издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн психикалык жактан жабыркаган М.М. аттуу тургуну 9-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу 18-июнда Аламүдүн РИИБинин кызматкерлеринен маалымат түшүп, өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулар тобу 19-июнда Чоң Чүй каналынан издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок издөөлөрдөн натыйжа чыга элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан