Ооба, дүйнө жүзү боюнча ар кандай фестивалдар өткөрүлүп келет. Бирок мындай ырайымсыз иш-чара көпчүлүктүн кызыгуусун жаратса керек. Ал - Кытайдын Юйлинь шаарында жыл сайын июнь айынын ортосунда өтүүчү Ит этинин фестивалы. Жаныбарларды коргоо уюмдарынын каршы чыкканына карабай жыл сайын белгиленип, анда 10 000дей ит өлтүрүлөт. Бул күнү базардагы эт жайлары ит эттерине толуп, эл сатып алып, андан дүйүм тамактарды жасашат.
Белгилей кетсек, иттин этин - гоу-жоуну адам баласы биздин эрага чейинки 500-жылы эле тамак-аш катары колдоно баштаган. Гоу-жоуну эң көп колдонгон өлкө катары эсептелген Түштүк Кореянын эли мындан 5000 жыл мурун эле колдонуп келгендиги айтылат. Алар аны даамдуу эт катары санап, ал тургай атайын ит багуучу фермаларын ачышкан.