Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 19-июнда Алайда 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтарын кабыл алды. Депутаттын тарапташтары жолугушууда өкмөт башчыдан Ахматбек Келдибековго чектөө чараларын өзгөртүүгө кол кабыш кылууну өтүнүштү. Премьер бул маселе мыйзам чегинде караларын айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу соңунда Ош - Эркеч-Там унаа жолун жакынкы аралыкта ачуу боюнча макулдашууга жетишишти.
Айта кетсек, Алайда Ахматбек Келдибековдун абактан бошотулушун талап кылган тарапташтары 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турушат.