"Борбор калаанын тургунун сабап салган" деген шек менен 2 жаран кармалды

Борбор калаанын тургунун себепсиз сабап салган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 28 жаштагы Сергей аттуу тургуну арыз менен кайрылып, саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар эч себепсиз сабап кеткендигин билдирген. Кылмыш изи сууй электе Свердлов  райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Андрей жана 26 жаштагы Алексей кармалышты. Тергөө иштери башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан